Транспорт прокуратурасы өлкөдөгү аэропорттордун учуп-конуу тилкелеринде видеобайкоочу камералар жок экенин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында Жарандык авиация агенттигине видеобайкоочу камераларды орнотуу талабы коюлду. Прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин "Манас" аэропортунун учуп-конуу тилкесине камералар орнотулду.
"Видеобайкоочу камералар авиакырсыктарды иликтөөдө маанилүү роль ойнойт, анткени мындай кырсыктардын көбү учактар учуп баштаганда жана конуп жатканда орун алат", - деп айтылат маалыматта.