"Үч эмдин ата-энесине үй таап жайгаштырмайынча аракетибизди токтотпойбуз", - деп билдирди бүгүн, 14-мартта Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмайрам Учугенова. Анын айтымында, Капарбек Исаевдин үй-бүлөсү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесине киргизилген.
Айыл өкмөт башчысы белгилегендей, 8 баланын энеси Айгүл Чотурова үч эм балдарын төрөгөндө бара турган ылайыктуу үйү жок болгондуктан 15 күн төрөт үйүндө жаткан.
"Ак-Талаанын акими, облустук өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп үчөөбүз батир таап, төрөт үйүнөн алып чыкканбыз. 19-мартта батирдин ижара мөөнөтү аяктайт. Айыл өкмөттүн муниципалдык балансында үй жок. Ак-Талаа дотацияда турган район. Учурда аким да кайрымдуу адамдарга кайрылып, бул үй-бүлөнүн турак жай маселесин чечип берүү аракеттерин көрүп жатат.Саясий партияларга, кайрымдуулук фонддорго кайрылдык, күнүмдүк керектөөлөргө жардам бергендер бар, бирок үй маселеси курч бойдон калууда", - деди Г.Учугенова.
Белгилүү болгондой, Исаевдердин үй-бүлөсү мурда агасынын үйүндө жашашчу. Ал үй авариялык абалда болгондуктан өмүргө коркунучтуу.
"Бул үй-бүлө өздөрүн толук камсыздай албай балдары да чачырап кетти. Туугандарынын үйүнө 2 баласын жиберишкен. Күйөөсү от жаккыч болуп ишке кирген, айлыгы 5 миң сом экен. Анткени менен Айгүлгө бала караганга жардамдашканга адам жок, күйөөсү жумушка кеткенде кыйналып калып жатат. Облус башчысы балдарга коляска алып берди. Түштүк тарапта үч эм төрөгөндөргө жакшы көңүл бурулуп, көп жардамдар берилет. Алардын потенциалы жогору деп билем. Биз бул үй-бүлөгө жардам көрсөтө ала турган кайрымдуу жарандарды издеп жатабыз", - деп сөзүн жыйынтыктады айыл өкмөт башчысы.