Нооруз майрамына карата 20-март дем алыш күнү деп жарыяланды. Мындан улам Кыргыз Республикасынын жарандары 18, 19, 20, 21-март күндөрү эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жумуш күнүн которуу жөнүндөгү токтомго кол койгон. 20-марттагы жумушчу күнү ошол аптанын ишемби күнүнө жылдырылды. 25-март иш күнү болот.