Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматына караганда 2017-жылдын февраль айынын соңунда өлкө боюнча расмий катталган жумушсуздардын саны 59 миң адамды түздү. Көрсөткүч 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,9 пайызга өстү. Бул тууралуу 13-мартта Каржы министрлигинин сайтына жарыяланды.
Анда 2017-жылдын январь-февралындагы Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жазылган. Маалыматка караганда өлкө боюнча орточо айлык маянанын реалдуу өсүшү 2016-жылдын январында 5,3 пайызды түздү, номиналдык туюнтууда орточо айлык акы 13 768 сом деңгээлинде түзүлдү.
"2017-жылдын январь-февралында кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 0,6 пайыз болду. Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 4,1 пайызга барабар болду. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 6,8 пайызга, жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 5,1 пайызга, транспорттун бардык түрлөрү тарабынан ташылган жүктөрдүн көлөмү 3,7 пайызга көбөйдү. Айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 14 миллиард 358 миллион сом болуп, өсүш 1,3 пайызды түздү",- деп айтылат маалыматта.