Чыныбай Турсунбеков: "Кыргыз тарап Пакистан менен соода-экономикалык алакаларды арттырууга кызыкдар"

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Пакистанга жасаган расмий иш сапарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Мухаммад Наваз Шариф менен жолугушту. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар кыргыз-пакистан алакаларынын азыркы абалын талкуулап, социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу багытында пикир алышты.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу багытында да сүйлөшүүлөр болду. "Кыргыз тарап бул жаатта интернет-семинарларды жана тиешелүү жолугушууларды өткөрүүгө кызыкдар. Айрыкча Кыргыз мамлекетинин мыйзамдык базасы чет элдик инвесторлор үчүн өтө ылайыктуу. Андыктан, пакистандык ири корпорацияларды жана жеке ишкерлерди өлкөбүздөгү кен казуу, электр энергия, айыл чарба, "адал" индустриясы, жеӊил өнөр жай, медицина, фармацевтика жана экологиялык туризм тармактары боюнча кызматташууга чакырам", - деди Турсунбеков.

Өз кезегинде Мухаммад Наваз Шариф: "Соода-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу менен, эки мамлекет ортосундагы байланыштарды чыӊдайбыз", - деди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Абдумажит Юсуров, Мухтарбек Айнакулов, Нургазы Нишанов, Кубанычбек Нурматов, Дүйшөн Төрөкулов жана Эмил Токтошев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elchi84
2017-03-14 13:39:49
Биздин чондор Пакистан менен бизнес кылганы кызыкдар ошон учун бизден коп Адам барыптыр.
+2
Riokyrgyz
2017-03-14 13:41:55
Иши кылып кайыр сурабагылачы,айланайындарым.
+2
almazbei
2017-03-14 19:54:36
Чыныбай деген депутатты билем , калган депутаттарды биринчи жолу угушум .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан