Ош облусунун Араван районунда цемент заводу курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Цемент заводу 39,79 гектар жер аянтына курулуп жатат. Жаңы заводдун долбоордук сметалык баасы 88 миллион АКШ долларын түзөт. Ал эми цементти иштеп чыгаруу кубаттуулугу күнүнө 2 500 тоннага жетет. Курулуш долбоор боюнча 2018-жылдын май-июнь айларына чейин бүткөрүлүшү пландаштырылган. Курулуш мезгилинде 1000ге жакын адам жумуш менен камсыз болсо, завод ишке киришсе 250 туруктуу жумуш орду түзүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, курулуп жаткан завод "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылууда. Имараттын курулушу менен Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов таанышты.