Үстүбүздөгү жылдын 6-мартында Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылынын Макмал орто мектебинде химия жана биология сабагы боюнча жыйын өткөрүлгөн. Анда окуучуларга химия илиминен тажрыйба жүргүзүү уюштурулган. Анын жүрүшүндө колба жарылып, 8-класстын окуучусу Эмир Абдыкадыровдун көзүнө колбанын сыныгы кирип кеткен. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун атасы Абдырасул Кыдырбаев бүгүн, 15-мартта кабарлады.
"Окуя 6-мартта саат 11лерде болуптур. Баламды 3-4 мугалим ооруканага алып барып, ийне сайдыртып жаткырып коюшуптур. Айнек көзүнүн кан-тамырын кесип кеткен экен. Жергиликтүү доктурлар айнекти алып чыкканы менен, кан-тамырын тиккенге мүмкүнчүлүк жок экенин айтышты. Баламды алып, Бишкекке түштөн өтүп чыктык. Түнкү саат 12лерде жетип эле, дарыгерлер менен сүйлөшүп операцияга кирдик. Таңкы 4тө чыктык. Уулумдун көзүнө айнектин чоң жана майдалары кирип кетиптир",- деди А.Кыдырбаев.
Ал эми апасы Гүлнара Карабаева учурда айылда, уулунун көрүүсү калыбына келишин тиленип отурган чагы.
"Окуя катталган күнү баламдын көзүнөн жаш токтобой акканынан суу менен жуушуптур. Болбой койгондон улам саат 12ден өтүп анан көз дарыгерге алып барышыптыр. Дарыгер "Бишкекке алып барып операция жасатпаса болбойт" дешкенде гана бизди чакыртышыптыр", - дейт Г.Карабаева.
Эмир Абдыкадыровго 2 жолу операция жасалып, учурда дарыгерлердин карамагында. Анын көзүн күндө жууп-тазалап туруу керектигин айтышкан дарыгерлер. Эмирдин айтымында, сол көзү менен көрүүгө аракет кылса, туманда жүргөндөй болуп жатат.
9 күн мурун болгон окуяны Гүлнара Карабаева кырсык деп түшүнсө, жолдошу эрежени сактабагандарга чара көрүлүшү керектигин айтат.
"Учурда Билим берүү министрлигине кайрылдым, эми Ички иштер министрлигине барам. Дени соо баламдын көзү көрбөй калды. Чара көрүлүшү керек. Мына 9 күн мурун болгон окуя, бөөдө кырсыктан жабыркаганы тууралуу окуу жайдан маалым кат ала албай жатабыз. Аны 48 сааттын ичинде толтуруп бериши керек болчу", - дейт А.Кыдырбаев.
"Кызыгы ошол химиялык тажрыйба жасалып жаткан кезде аны жасаган химия мугалими Жанкорозовадан тышкары дагы 5 мугалим жана окуу бөлүмүнүн башчысы да бар болгон экен. Директору Апал Базарова да, окуу бөлүмүнүн башчысы да бул тажрыйбага уруксат беришпегенин айтып жатышат. Мугалими жаш кыз экен. Мунун баарын кырсык деп түшүнүп жатам, бирок мени кайра-кайра убара кылбай, документтерди бүтүрүп берип коюшса болмок. Себеби менин дагы 4 балам бар, үйдө анча-мынча малыбыз бар. Алардан колум бошобой, тигинтип уулум да операция болуп, көзү көрбөй калып жатса...", - деген Гүлнара Карабаева көзүнө жаш алды.
Мектепте эрежелер сакталбаганынан улам Эмир Абдыкадыровдун кареги, чечекейи жабыркаган. Жакын арада чечекейин алмаштыруу боюнча дагы бир ирет операция жасаларын кошумчалашты ата-эне.