Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын жаңы көрүнүшүнүн эскиздери жарыяланды

Чолпон-Атадагы Раппопорт аллеясынын жаңы көрүнүшүнүн эскиздери жарыяланды. Бул тууралуу 14-мартта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Леонид Раппопорт атындагы аллеянын узундугу 1400 метр болот. Ысык-Көл облусу боюнча архитектор Мурат Токоев аллеяга тротуарларды, велосипед тебүүчүлөр үчүн жол куруларын белгилеген. Облус башчысы Асхат Акибаев эскиздерди көрүп, акыркы вариантын 24-мартка даярдап, долбоордун сметасын түзүүнү тапшырды.

Эске салсак, өткөн жылы Ысык-Көлдүн Тамчы-Корумду жолун кеңейтүү максатында Чолпон-Ата шаарындагы "Раппопорт" аллеясындагы 200 түп терек кыйылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Alixan-Nookat.2015
2017-03-14 15:32:46
Сонун экен ушундай болуп бутсун эми сапатынада көңүл буруу зарыл.
+2
aiba_00
2017-03-14 17:05:47
Эн жакшы болмок ушундай салынып бутсо, бактар деле карыды да, кулап калышы да мумкун.
+1
janka7
2017-03-14 21:47:19
Соонун
0
taalai9411
2017-03-15 03:11:36
Жакшы болот эле мындай курулса Эми курулсун акча жок деп жатып калбай
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан