Каржы министрлиги: Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-гидроагрегатын ишке киргизүү үчүн инвестициялык насыя берүү боюнча макулдашууга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан “Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан 110 миллион АКШ доллары суммасында инвестициялык насыя берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Макулдашууга Кыргыз Республикасынын каржы министри Адылбек Касымалиев жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Дмитрий Панкин кол койду.

Каржылоо негизги карызды төлөө боюнча 5 жылдык жеңилдетилген мезгилди эсепке алганда 20 жылдык мөөнөткө берилет.

“Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү” долбоору, 120 мегаваттык кубаттуулуктагы станциянын экинчи гидроагрегатын куруп, ишке киргизүүдөн тышкары биринчи агрегаттын “камалган” кубаттуулугун бошотууга жана 40 меговаттай кубаттуулуктагы кошумча өсүштү алууга мүмкүндүк бере турган 500 киловаттык ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөнүн курулушун дагы өз ичине камтыйт. Азыркы убакта Камбар-Ата-2 ГЭСи менен Күрп-Сай ГЭСинин ортосундагы 110 киловаттык электр өткөрмө чубалгылары аркылуу электр энергиясын алып өтүүнүн өткөрүү жөндөмдүүлүгү чектелүү болгондугунан улам, Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегатына мүмкүн болгон 120 мегаваттын 80-90 мегаваттай жүк оорчулук келүүдө. Анын натыйжасында Камбар-Ата-2 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 240 мегаватты түзүүдө.

Аны ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна жана көз карандысыздыгына өбөлгө түзүп, электр энергиясынын тартыштыгын азайтып, аны өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, ошондой эле кыш мезгилинде Токтогул суу сактагычынан суунун ысырапталышын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
keba300989
2017-03-14 16:56:10
Качан бүтөт
0
kenjebek_a
2017-03-14 20:05:40
Дагы карыздар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан