ЭЛДИК КАБАР: "Чоң-Алайдагы Ынтымак айылына барчу жолду калың кардан тазалабаса, мал-жандыктар кырылып калчудай" дейт окурман

Чоң-Алай районунуна караштуу Тал-Мазардагы Ынтымак айылында кардын калыңдыгынан райондун борборуна барчу жол үч айдан бери жабык. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 14-мартта билдирди.

"Андагы жашоочулар өздөрүнө азык түлүктү ат менен ташып жатышканын, ал эми мал-жандыктын жем-чөбү түгөнүп жатканын айтышты. Эгерде жакынкы күндөрдө жол ачылбаса, тоют жетишсиздигинен мал-жандыктарга кырылуу коркунучу бар экенин айтышып, кабатыр болушууда. Тиешелүү жетекчилерди жолду тез арада ачып берүүлөрүн суранышат", - деген окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
admin_media
2017-03-14 15:56:50
Doni99,
Кайталап эреже бузгандыгыңыз үчүн 10 күн БАНга!
0
akil.91
2017-03-14 17:17:44
Ынтымак айылы каерде билгендер болсо айтып койосунарбы? Тоисть точнее кайсыл айылдарга жакын? Райондун кай жагында жйгашкан?
-2
Riokyrgyz
2017-03-14 17:27:57
akil.91,тоисть точнее.ой боорум ай.
0
akil.91
2017-03-14 18:47:54
Riokyrgyz,
Кулкумуштуу болгон эмне?
-1
maks94.kb
2017-03-14 18:00:48
18 жыл Чоң Алай районунуда жашап Ынтымак деген айылды укбаптырмын билгендер айтып койгулачы билип журойун же жаңыдан тушкон айылбы барбаганымада 7 8 жыл болуп кетиптир айылга
0
chon-alai90
2017-03-14 20:38:51
maks94.kb,тал мазар деп туратго эшен ата деп дагы айтылат
+1
Marat-m
2017-03-15 09:08:26
Мен билгенден бул айылда
1000 ден 1500 го чейин койу 50 60
уйу бар адамдардын чабандары жашайт
жылкысын айтпасамда белгилуу коп
экени анан кантип озунор жол ачып алганга
акчанар жетпейт силерге жардам бербейт го
менимче
0
duyshon.kg
2017-03-15 15:29:29
Жалан байлардын чабандары жашайт алар оздору эле жол ачса болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан