Европа соту жумушка динге байланыштуу кийимдерди кийүүгө тыюу салганга уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, Франциянын жана Бельгиянын эки тургуну жумушка хиджаб кийгени үчүн кызматтарынан бошотулган. Мындан улам алар сотко кайрылышкан. Сот ишканалардын диний кийимдерди кийүүгө тыюу салганы Европа биримдигинин мыйзамдарына каршы келбейт деген чечим чыгарды.
Айта кетсек, Кыргыз жеринде диний ишенимине карап кийингендерге, жарандардын кийинүүсүнө мыйзамдык чектөө жок. Конституцияга ылайык, улуттук, этностук, расалык, диний жек көрүүнү, гендердик жана башка социалдык үстөмдүктү үгүттөп, кодулоого, касташууга же күч колдонууга чакырган үндөөлөргө тыюу салынат. 2016-жылы Бишкектин көчөлөрүндө илинген баннерлерде паранжа (айымдын көзү гана көрүнөт) жамынган айымдардын тартылганы коомдо кызуу талкууну жараткан.