Мамлекеттик сатып алуулар порталы: Нооруз күнү майрамдык иш-чараны койгон режиссёрго Бишкек мэриясы 1 жарым миллион сом төлөйт

"Ала-Тоо" аянтындагы Ноорузга карата майрамдык иш-чараны койгон режиссёрго Бишкек мэриясы 1 550 000 сом төлөп берет. Жарыяны Бишкек мэриясынын алдындагы маданият башкармалыгы берген. Бул тууралуу жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

Анда режиссёр сахнанын көркөмдөлүп жасалышы боюнча план көрсөтүп, иш-чаранын жүрүшү тууралуу сценарий даярдап, майрамдык салтанаттын концепциясын иштеп чыгышы керектиги айтылат. Ошондой эле алдын ала сүмөлөк кайнатуу, боз үйдү ижарага алуу, транспорт каражаттарына кеткен чыгымдар жөнүндө маалымат берери жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
jonne
2017-03-14 18:17:15
Дача суу айылна акчаны болуп берип анан майрамдын камын ойлонсонуздар
+6
belya
2017-03-14 21:39:58
Ушунча каражат коротушуп даярдагандары, өлкө эгемендүү болгондон бери сценарийи бир эле, же ошол жылдан бери укмуштай жаңылык көргөндөр барбы?
+1
Blackmoon
2017-03-14 23:06:30
Режиссердун да алкымы чоң экен
+1
zevs
2017-03-14 23:07:32
Eldi unutup ele birin biri sottomoy talap tonomoy emne degen jawoo bolup ketti tuwunboy sun. Biri achka bolup karakursagyn oylop jurso biri akchany chachyp toylop jurso. Je kaygyrywindy je kuluwundu bilbey turgan zaman boldugo wumdugun kurgur.
+1
mirlanpiter
2017-03-15 15:48:55
Майрамдардын санын кыскартып, эгемендуулук куну мн орозо курман айтты белгилеп тоссок болор беле????
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан