Баласына жол кире акысын таба албай калган энеге райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы жардам бере албайт

6-мартта ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жолдошу менен уулун жалгыз баккан Гүлсада Иманкулова тууралуу баяндаган элек. Гүлсада Иманкулованын үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. Бул үй-бүлөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жаштагы Билимжан уулу Шержандан тышкары дагы 2 уулу бар. Жолдошу Билимжан Сарпашовдун да мүмкүнчүлүгү чектелген, жумушу жок. Сарпашовдордун үй-бүлөсү мектепте окуган баласына жумшалуучу төлөмдөрдөн бошотууну суранышкан.

Бүгүн, 14-мартта SUPER.KG порталына Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы бул үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтө албастыгын билдирди.

"Бул үй-бүлө Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Толук айылында каттоодо турушат. 2013-жылы Курулуш башкармалыгынын дачаларынан №80-тилкесин сатып алышкан. Үйү 2 бөлмөлүү.

Үй-бүлө 5 кишиден турат:

  1. Гүлсада Иманкулова 1973-жылы туулган, иштебейт.
  2. Жолдошу - Билимжан Сарпашев 1969-жылы туулган, 2-топтогу майып, Токтогул районуна караштуу социалдык фонд аркылуу 3500 сом пенсия алат.
  3. Баласы - Эржан Билимжан уулу 1994-жылы туулган, студент контракттык негизде окуйт, тигүүчү цехинде иштейт.
  4. Баласы - Ш.Б. уулу 1998-жылы туулган, 2-топтогу майып, Токтогул районунун социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 2875 сом жөлөк пул алат.
  5. Баласы - А.Б. уулу 2003-жылы туулган, 7- класста Ат-Башы орто мектебинде окуйт.

Сокулук райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы 2 тепкичтүү бюджет болгондугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жок", - деп билдиришти мекемеден.

Ошондой эле башкармалык Новопавловка жана Ат-Башы айыл өкмөттөрүнө Гүлсада Иманкулованын үй-бүлөсүнө материалдык жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Сокулук РСӨБ атынан кат жөнөтүлгөнүн кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kemel81
2017-03-14 17:09:44
Коп нерсе деле сурабаптыр болчу. Гулсада эже окумоттон сураганча элден сураныз натыйжа болот. Азыркы бийликтен умут кылбаныз.
+17
altyn7776
2017-03-14 19:17:24
Мындай министрликтин барынан жогу жакшы да
+11
nuris.osh
2017-03-14 19:57:00
Ушуга окшогон министирликтердин эмне кереги бар анда көйгөй чече албаса.
+9
nur_zhoni
2017-03-14 21:43:14
Акчпларды болбогон жака жумшашат миллион сомдорго глем албастан ушундай уй булолорго жолок пул пенся кобурок болбойбу эми ак уйдун дарбазасын алмаштырат экен ушулар тажатты министир болбой калгыла
+7
Eldos1
2017-03-14 22:30:51
Министирликке айтылган кайран соз
+3
Medina87
2017-03-14 23:02:51
Гулсада эже куудул Абдылда Иманкуловко аябай окшош экен.
Т.б. ; Гулсада эже белинизди бекем бууп, Кудай сизге куч-кубат берсин.
Чондордон умут жок.
+4
sezim2010
2017-03-15 09:55:10
Телефон номерин жазып койсонуздар.
0
admin_portal
2017-03-15 14:11:30
sezim2010, саламатсызбы? 0778 280 397 номери аркылуу байланышсаңыз болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан