Бишкек шаардык мэриясы тургундарды жалпы ишембиликке чакырат

18-мартта жана 22-апрелде Бишкек шаарынын айланасын тазалоо боюнча жалпы шаардык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдалды. Берилген маалыматка ылайык, ишембилик шаарды тазалоо, суу агуучу арыктарды казуу, жашылдандыруу максатында өткөрүлөт.

Ишембиликке мамлекеттик же жеке экендигине карабай бардык мекемелердин кызматкерлери, көп кабаттуу жана жеке турак жайда жашаган жашоочулар тартылат. Жеке менчик имараттардын айланасындагы ирригациялык тармактарга, парк жана скверлерге өзгөчө көңүл бурулат. Объекттер жана ал жерди тазалоочу жарандар райондук администрация тарабынан бөлүнөт.

"Урматтуу шаар тургундары, сүйүктүү Бишкек шаарыбызды тазалоо иштерине активдүү катышууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан