Кизай - дүйнө жүзүндөгү жалгыз күрөң түстүү панда

Көпчүлүктүн сүйүктүү жаныбары болгон панданын күрөң түстүүсү бар экенин билчү белеңиз? Дүйнө жүзү боюнча күрөң түстөгү жалгыз гана Кизай аттуу панда бар. 8 жаштагы бул жаныбар Кытайдын Шаньси провинциясындагы Qingling Mountains аттуу жаратылыш паркында жашайт.

Маалыматтарга караганда аны 2 айында апасы таштап кетип, катаал балалыкты башынан өткөргөн. Себеби жүнүнүн өңү өзгөчө болгондуктан, башка пандалар аны тобуна кошчу эмес. Баарынан таң калыштуусу, Кизайдын апасынын өңү ак-кара эле болгон. Окумуштуулардын айтымында, анын өзгөчө түстө төрөлүшү генетикалык мутацияга байланыштуу болушу мүмкүн.

Салмагы 100 килограммга жеткен Кизай күнүнө 20 килограмм бамбук жейт. Кытайлык серепчилер ага ургаачы таап, жупташтырууну пландап жатышат. Панданын келечектеги тукумунан анын күрөң түсүнүн табышмагы эмнеде экенин изилдешмекчи.

"Ал башка пандаларга караганда жай кыймылдайт, бирок аябай сүйкүмдүү жана назик", - дейт Кизайды караган адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
sherzatik
2017-03-14 21:39:58
Кандай гана сүйкүмдүү!!мага панда аябай жагат,чынында биринчи жолу көрүп жатам. Кыймылдары абдан сонун!
0
Medinaa
2017-03-15 00:09:14
Мынча жакшынакай)
+1
Real_mir
2017-03-15 01:05:22
Аюга окшопда кетет экен
-5
bom.bon
2017-03-15 02:23:29
Real_mir,аюу болгондон кийин окшойт да.анан каргага окшомок беле?
+6
myrzakarimovich
2017-03-15 03:00:10
Кобойтуш керек
0
ekaterinburg
2017-03-15 12:39:54
Жумшак оюнчуктарга окшош го)))
0
rahmed
2017-03-16 01:38:13
Кыргызстанда болгондо атып жээшер элего
0
rahmed
2017-03-16 01:38:31
Кыргызстанда болсо атып жейт элего
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан