Кыргыз мамлекетиндеги мугалимдердин орточо айлык маянасы 13 824 сомду түзүүдө. Бул тууралуу 14-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Мугалимдердин эмгек акысын көбөйтүү 2013-2017-жылдары Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашты. 2016-жылы жакшы иштеген мугалимдерге айлык маянанын стимул берүүчү бөлүгү республика боюнча 12,1 пайызга өскөн. 2015-жылы көрсөткүч 10,8 пайыз эле", - деп айтылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиячы болуп иштегендердин айлык акысы 80 пайызга жогорулап, орточо эсеп менен 13 824 сомду түзүп жатат.