"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Аравандагы Чөгөм айылында сабактар 45 мүнөттөн өтүлүп жатат" дейт райондук билим берүү бөлүмү

11-мартта "Элдик кабар" рубрикасына Чөгөм айылында мектеп жылытылбай, сабактын узактыгы 30 мүнөттөн болуп жатканын окурман SUPER.KG порталына кабарлаган. Бул маселе боюнча Араван райондук билим берүү бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирди:

"Бизге караштуу билим берүү мекемелеринде кышкы сезонго карата жылуулук берүү 2016-жылдын 15-ноябрында башталган. Бирок тоолуу аймакта жайгашкан Т.Осмонов жана Чөгөм орто мектептеринде 1 ай мурда, тагыраак айтканда, 15-октябрда башталган. Бирок кышкы сезонго карата жылуулук берүүнүн эрте башталышы окуу программасынын аткарылуусуна таасирин тийгизбейт. Бардык мектептерде сабактар 45 мүнөттөн толугу менен окутулуп келе жатат".

Ошондой эле Араван райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кышкы мезгилде сабактарды кыскартып 30 мүнөттөн өтүлсүн деген буйрук мектептерге берилген эместигин кошумчалашты.

"Бүгүнкү күндө да райондогу бардык мектептерде сабактар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жобосуна ылайык, толугу менен 45 мүнөттөн окутулуп жатат. Интернет булактарына берилген маалымат туура эмес берилгендиги тууралуу Чөгөм орто мектебинин директорунун берген түшүнүк каты менен да тастыкталат", - дешти аталган ишканадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2017-03-14 17:52:00
Калк айтса калп айтпайт
+2
Riokyrgyz
2017-03-14 18:17:50
Меникин да ушинтип кутулуп кетишкен.
Калп айтышып.
Комиссия келээрде бут тазалашып,балдарга ысык тамак жасашып,киргенге мумкун больой калган ажаткананы хлордошуп,озуору чекчейип калышат.комиссия кеткендин кийин баягы эле кейпи.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан