Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун жашоочусу Жаңылкан Кожоева жардамга муктаж. Ал 1-топтогу майып. Каарманыбыз менен Биринчи Май райондук мамлекеттик администрациясындагы Бишкек шаардык кеңешинин коомдук кабылдамасында жолуктук. Ал жерге батир алуу үчүн турган кезегин билүү максатында келген.
"Жаш кезимде турмушка чыгып, 1 жылдай жашап ажыраштым. Ал убакта 1 уулдуу болгом. Балам оорудан улам көп жашабай чарчап калды. Кийин тагдырыма жазылбаган экен, турмушка чыккан жокмун. Азыр 60 жашка толдум. Үйдө 6 бир тууганбыз. Баары өз турмушу менен алек. Алар анда-санда келип жардам берип турушат. Мен болсо көп жылдар бою батирде жашайм. 2015-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясына үй алуу үчүн кайрылып, кезекке тургам. Андан бери 2 жыл өттү, жылыш жок", - дейт Кожоева.
Жаңылкан Кожоева жөнүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаты Миргүл Расул кызына кайрылганыбызда, ал буларга токтолду.
"Турмуш шарты оор, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген Кожоева буга чейин бизге кайрылган. Биз ага акчалай жардам берип келгенбиз. Бул жолу да жардам берүү боюнча райондук социалдык коргоо бөлүмүнө билдирүү беребиз. Алар мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берет деп ишенем".
Жаңылкан Кожоеванын оң буту жана сол колу иштебей калган. Ага улай 2015-жылы жол кырсыгына кабылып, колу, кабыргасы сынып бейтапканага түшкөн. Учурда Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында батирлердин биринде жалгыз жашайт. Колуна кармаган таягына жөлөнүп, бутун сүйрөп тиричилигин кылат. Ижара акысы үчүн 2 миң сом төлөйт.