Бүгүн, 15-март - Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү. Бул күн керектөөчүлөрдүн укугун коргоп, алардын таламын талашууга арналат жана 1983-жылдан бери белгиленип келет. Керектөөчүлөрдүн күнүн белгилөө жөрөлгөсү АКШнын 35-президенти Жон Фицжеральд Кеннединин 1961-жылдын 15-март күнкү тарыхый билдирүүсүнө байланыштуу. Анда президент "Керектөөчүлөр - бизбиз. Керектөөчүлөр экономикалык чечимдерге таасир тийгизе турган олуттуу экономикалык катмар" деген баасын берип, алардын негизги укуктарын белгилеген.
15-мартка карата жылнаама