Ат-Башы районунда кар күрткүсүнөн улам жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда

Ат-Башы районунда кар күрткүсүнөн улам жабылган ички чарбалык жолдор тазаланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-март күнү түндө Ак-Муз айыл аймагынын Ак-Муз айылында жана Талды-Суу айыл аймагынын Өзгөрүш айылында катуу шамал болуп, кээ бир турак үйлөрдүн короолоруна, ички көчөлөргө кар күрткүсү толуп калган. Натыйжада жергиликтүү тургундардын көчөлөргө жана короо жайларына чыгууларына кыйынчылык жаралган.

"13-март күнү Ак-Моюн айыл аймагы менен Ак-Муз айыл аймагынын ортосундагы унаа жолдо катуу шамал болуп, кар күрткүсү толуп, жол каттамы жабылган. Мындай абалдан улам 14-март күнү Жарандык коргонуунун комиссиясы жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Ак-Муз айылында жана Талды-Суу айыл аймагынын Өзгөрүш айылында шамал болуп кайрадан кар күрткүсү пайда болуп жаткандыктан ички көчөлөрдү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн эмес, шамал токтогондон кийин тазалоо иштери улантылган. Жолду тазалоого райондук №20 жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер тартылган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Makain
2017-03-15 10:36:37
Бир трактор жетишпейт Акмузду тазалайбы же Талды суунубу. Колдон келишинче дагы болок трактор болуп берсе болбок ботом. Же акчасын берип майын куйса Бирликте тракторлор бар экен туртуп берчу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан