Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ай сайын берилчү жөлөк пулдун көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 жыл мурун 235 сомдон берилип келсе, азыр 872,5 сомдон жөлөк пул берилип жатат. Бул тууралуу 15-мартта социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кепилденген минималдык кирешелердин өлчөмү жыл сайын өсүп жатат. Анын негизинде үй-бүлөлөрдүн жардамга муктаждыгы аныкталат. 2011-2016-жылдары кепилденген минималдык кирешелердин өлчөмү 370 сомдон 900 сомго жогорулаган.
"Үй-бүлөлөрдүн муктаждыгын аныктоочу критерийлерди жогорулатуу менен, жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жаатында аракеттер көрүлүп жатат. Жер иштетүүдөгү кирешелердин нормативдери азык-түлүктүн баасына жараша кайра каралып жатат. Мал жандыктарын, транспорт каражаттарын каттоо тартиби каралууда", - деп айтылат маалыматта.