Тонолгон согуштун ардагери Леонид Тузовго президенттик фонддон 200 миң сом бөлүндү

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовдун операциясы үчүн Алмазбек Атамбаев президенттик фонддон 200 000 сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 13-март күнү 92 жаштагы Леонид Тузовго кол салуу болгону айтылган. Жабырлануучунун айтымында, белгисиз аял эшигин каккылап, боюнда бар экенин айтып, ажатканага кирип алууну суранган. Эшикти ачкан соң аны менен кошо дагы бир аял кирип, ардагердин колу-бутун таңып, 182 миң сом акчасын, мамлекеттик сыйлыктарын алып кетишкен. Ардагер ал акчаларды жүрөгүнө операция жасатуу үчүн чогултуп жүргөнү маалым болгон.

Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 45 жаштагы тургуну Л.В. жана Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Н. кармалган.

Леонид Тузов 1944-жылы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1951-жылдан тарта Кыргыз Улуттук университетинде эмгектенген. Физика-математика илимдеринин профессору. Бир катар мамлекеттик ордендер, медалдар менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
surgeon777
2017-03-15 15:08:55
Азаматсыз Президент мырза!Ушундай кадамдарыныз менен элдин ыраазычылыгын аласыз,коп соз суйлобой эле шарт жасап койгон иш сразу козго корунот,мактоого алынат ,ошон учун "создон ишке отолу" туугандар...
+5
Derzki_kyrgyz
2017-03-16 09:48:12
surgeon777,мен буга каршы эмесмин бирок, озубуздун дача сууга деле сразу 100минден берип койгондо эл суйунуп калбайт беле?? Кабар алып да койгон жок. Окунучтуу...
+1
Uson13
2017-03-15 15:51:37
Өзүбүздүн дача суудагы кыргыздарга 100 миң сом эмнеге буга 200 миң сом
-1
Imaw.95
2017-03-15 22:45:16
Анткени, дарыланам деп топтогон акчасынан ажырап отурат го. Рахмат улуу урматту президент!
+2
travma
2017-03-16 12:56:46
Молодец Урматтуу Президент
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан