Ош шаары толугу менен 2020-жылга чейин газ менен камсыздалат. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мэр Айтмамат Кадырбаев 14-мартта "Газпром Кыргызстан" ишканасынын "Ошгаз" филиалына барган. Сапарынын жүрүшүндө мэр кызматкерлерге түзүлгөн шарттар менен таанышып, ага акыркы 2 жылда жасалган иштер, ошондой эле келечектеги пландар тууралуу видео көрсөтүлгөн.
Мекемеден кабарлашкандай, Ош шаары толугу менен 2020-жылга чейин газ менен камсыздалат. Айтмамат Кадырбаев "Ошгаз" кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип, жумуштарына ийгилик каалаган.
"2016-жылы "Ошгаз" тарабынан 61 миң 334 абонент газга коштурулган. Акыркы 2 жылда газдын түтүктөн чыкканы боюнча 24 миң оңдоо иштери жүргөн. Мындан сырткары жер алдындагы 16,5 чакырым түтүк сырдалды. 2016-жылы 12,6 чакырым түтүк алмаштырылган", - деп айтылат маалыматта.
Газды жөндөөчү 7 пункт оңдолгону, Ош шаары боюнча газ түтүктөрүнүн узундугу 771,3 чакырым экени кошумчаланат маалыматта.