Чоң-Алайда кар көчкү алдында калган эки үй-бүлөгө элден 400 миң сомдон ашуун каражат чогулду

Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек айылында кар көчкү алдында калган эки үй-бүлөгө 400 миң сомдон ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта SUPER.KG порталына Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров билдирди.

"Жаш-Тилек айылында кар көчкү кырсыгынан кийин райондук администрациянын алдында жабыркаган эки үй-бүлөгө жардам берүү боюнча эсеп ачкан элек. Бүгүнкү күндө элден чогулган каражаттын суммасы 445 200 сомго жетти. Учурда район аймагында мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маяналарын өз ыктыяры менен которуп жатышат", - деп билдирди Жапаров.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кабылып турак жайы, мал-жандыгы өлгөн Абдысаттар Койлубаевдин бала бакчага барган эки небереси 5 айга төлөмдөрдөн бошотулду.

Эске салсак, буга чейин Жаш-Тилек айылында кар көчкү кырсыгы орун алып, 2 үйдү көчкү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан