Калифорнияда тумшугу буралган ит кожоюн издейт

Таанышып койгула, бул иттин аты Пикассо. Ал баш сөөгүнүн түзүлүшү башкача төрөлүп, мутант иттердин катарына кирет. Пикассону күчүк кезинде кебетесинен чочулашып, Калифорниядагы «Портервилль» жолбун жаныбарлар баш маана кылуучу жайга өткөрүп салышкан. Аталган приют Пикассону өлтүрүлчү жандыктардын тизмесине кошуп салышат.

Чечимден кийин «Luvable Dog Rescue» компаниясынын адиси баш маананын ыктыярчысы аркылуу Пикассо жөнүндө угуп калган.

""Портервиллде" иштеген ыктыярчы Шеннон Корбит менен сүйлөшүп калдым. Физиономиясы өзгөчө болгон жаныбарлар болсо бергиле, алып кетип эксперимент жүргүзүп көрөлү десем, "таанышып алыңыз, Пикассо" деп сүрөт жөнөтүп жибериптир. Анын тумшугу буралып, үстүнкү жана астынкы жаактары бири-бирине дал келбей турат. Анын көздөрү аябай кайгылуу көрүндү. Ага боорум ооруп кабыл алууга мажбур болдум", - дейт ага ветеринардык кароо жүргүзгөн компаниянын адиси Лизл Уилхард.

"Шеннон менен суйлөшүп, кийинчерээк ошол эле баш маанада Пикассонун бир тууганы бар экенин билдим. Экөөнү бөлбөйлү деп чогуу алып кетүүгө арыз берип, алып чыгып кеттик. Учурда Пикассонун абалы жакшы. Мекемебизде көпкө чейин эле кармап турууну каалайм, бирок ит болсо дагы кожоюнга ээ болуп, бир үй-бүлөдө жашаса дейм", - дейт Л.Уилхард.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Medinaa
2017-03-15 15:24:41
им,байкуш чындап эле коздору кайгылуу экен((
+9
gukush00
2017-03-15 15:27:08
Эми ошондой болуп калса эмне кылсын бул жандыкта не айып.Жакшы ккожоюнга туш келсе экен
+8
Alibay
2017-03-15 15:27:30
Шумдугун кур!!!
-2
ekaterinburg
2017-03-15 17:13:59
Ондоп коюшса болбойт бекен ээ?Тем более Америкада!Ар кандай органдарды алмаштырышат го,тумшугу эле болбосо жакшына эле ит экен(((
0
Guji
2017-03-15 17:31:29
ekaterinburg,Ондогону болбосо керекда
0
Ronaldo.99
2017-03-16 00:17:20
Ичим ачышып кетти!
0
admin_portal
2017-03-16 09:30:49
surgeon777, Aitunuk, make2, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Оозеки эскертүү!
0
surgeon777
2017-03-16 13:31:23
Баш маана,башка эле жумуш издесенчи билген ишинди кылып,кулку болбой элге...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан