Пусан улуттук университетинин доценти Роберт Келлинин BBC'ге берген интервьюсунун үзүндүсү социалдык тармактарга жайылып, үй-бүлөсү жума күнү, 10-марттан кийин дүйнө жүзүнө таанылды. Ал үзүндүдө Роберт Келли интервью берип жаткан бөлмөгө 2 баласы кирип келет. Доцент алардын чыгып кетүүсүн күтүп, ыңгайсыз абалда калат. Ошол малда бөлмөгө шашып кирген аял эки баланы тең алып чыгып, эшикти жабат. Видео социалдык тармактарда талкууга алынып, түрдүү ойлор жазылган. BBC телеканалынын алып баруучусу Жеймс Менендес кайрадан бул үй-бүлөгө байланышка чыгып, үй-бүлө мүчөлөрү менен таанышкан.
Байланыш маалында бөлмөгө кирген аял Роберт Келлинин жубайы Чона Ким, ал эми бөлмөгө киргендер анын уулу жана кызы экени белгилүү болгон.
"Биз мындайды күткөн эмеспиз жана буга чейин ушул сыяктуу окуяларга кабылган эмеспиз. Бул видеодон кийин телефондорубузга тынбай чалуулар түшүп, социалдык тармактарда жазышып, интервью берүүбүздү өтүнүп жатышты. Биз аларды укмаксан, окумаксан болгон жокпуз, биз жөн эле эмне деп жооп беришти билбей жаттык", - деген Роберт Келли.
Ал эми Чона Ким атактуулукту кабыл алуу оор болгону менен, азыр баары жакшы экенин айтса, Р.Келли видеону кайталап көрүп, күлкүлүү экенин билдирген.
"Биз бир аз кабатыр болгонубуз менен, аябай күлдүк. Эфир болуп жатканда, мен аны жаздырып жаткам. Мэриондун бөлмөгө кирип баратканын көрүп эле чуркадым. Ал убакта ойлонбой да калыптырмын, мен жөн эле "өчүп" калгам. Скайп интервьюлар бир аз кечирээк көрсөтүлгөндүктөн, көрүп жеткиче бир аз убакыт өтүп кетти", - деген Чона Ким.
Бул окуяга Роберт Келли эшикти бекитпей койгону үчүн өзүн күнөөлөйт. Көптөгөн колдонуучулар Чона Кимди "бала багуучу" дешкен. Роберт Келли бул сөз аны капа кылганын айтат.
"Бирок биз бул талашка түшкөн жокпуз. Мен бул видеону көргөндөр урушпай, жөн эле күлүп коюшат деп ойлойм. Мен бала багуучу эмесмин, бул факт. Анын айынан элдер урушун токтотушат деген үмүттөмүн", - деген Чона Ким.
Ошондой эле социалдык тармактардагы колдонуучулар Роберт Келли балдары бөлмөгө кирип келгенде турбай койгонунан, аны "пижамасынын шымын кийип отурган" дешкен, бирок Келли ал күнү кадимки эле шымын кийип турганын айткан. Ошондой эле көпчүлүк Чона Ким бул эрдиги үчүн сыйлыкка татыктуу экенин жазышса, Роберт Келли аларга идеясы үчүн, ал эми жубайына үй-бүлөсү үчүн ыраазычылык билдирген.