2017-жылдын январь-февраль айларында республика боюнча 57 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 775 тоннага көп. Маалыматты 15-мартта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, өлкө аймагында ири мүйүздүү малдын 2,4 пайызга көбөйүшү өндүрүлгөн эттин көлөмүнүн жогорулашына шарт түзгөн. Мындан сырткары кой-эчкилердин саны 1,6 пайызга, чочко 1,5 пайызга, жылкы 3,9 пайызга, үй канаттуулары 1,6 пайызга көбөйгөн.
"Үстүбүздөгү жылдын эки айында 153,3 миң тонна сүт өндүрүлгөн, көрсөткүч өткөн жылдын ошол мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайызга көп. Отчёттук мезгилде республика ичинде 53 597,3 миң даана жумуртка өндүрүлгөн", - деп айтылат маалыматта.