Өзбекстанда тасмаларга лицензия берүүчү кызматы Daydi ("Алдамчы") аттуу тасманы өлкөнүн кинотеатрларынан көрсөтүүгө тыюу салды. Timur Films аттуу продюсердик компания тасмасынын жарнамалык такталарына атактуу Голливуд актёру Морган Фримендин сүрөтүн пайдаланган. Тасманы күтүп, анын тизерин көргөн көрүүчүлөр "продюсердик компания афишасына атактуу актёрду кошуп элди алдап жатат. Ал эми сатыкка чыкчу тасмада ал катышпайт экен, тасмага тыюу салынсын" дешет.
Тасманын постерлеринде жана тизерлеринде чындыгында аталган Голливуд актёрунун жүзү көрүнөрүн жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Podrobno агенттигинин билдиргенине караганда постерге Морган Фримендин "Акыркы рыцарь" (2015) тасмасындагы мавритандык ак сөөктүн ролун жараткандагы образы колдонулган.
Ал эми тасманы тарткан продюсердик компания бул боюнча пикирин билдирип, актёр тасмада бар же жок экенин ачыктай элек. Тасма жергиликтүү 2 көзөмөл органынан өтмөйүнчө сатыкка чыгарууга тыюу салынды.
Маалымат үчүн: Морган Фримен - америкалык актёр жана кинорежиссёр. "Миллионго бааланган балакай" (2005) тасмасында экинчи планда жараткан ролу үчүн "Оскар" алган. "Шоушенгден качуу", "Жети", "Слевиндин бактылуу саны" сыяктуу тасмалары аркылуу таанымал. Быйыл 1-июнда 80 жашка чыгат.