Шотландияда айпад издеп, 150 тонна таштандыны элеп чыгышты

Шотландиянын Данбар шаарында Зоуи аттуу эжесине ачуусу келген 4 жаштагы Райли Керр анын жаңы жылга алган белеги - iPad`ын таштандыга ыргытып жиберген. Экөөнүн апасы Жиллиан жоголгон баалуу буюмдан кол жууп калбаш үчүн шаардык кеңешке планшетти таап берүүсүн суранып кайрылган. Аны издөө иштерине 6 кызматкер тартылып, кайра иштетүү борборунда тынымсыз издешкен. Айпадды табуу үчүн 150 тонна таштандыны элеп чыгышкан.

Ал эми айпадды "куткарып" калган киши - Роберт Гаврилевич болгон. Гаджети табылгандан кийин 7 жаштагы Зоуи издөө иштерин жүргүзгөн бригадага ыраазычылык катын жазып, 24,4 АКШ доллар (болжол менен 1600 сомдой) жана таттуу тартуулаган. Бирок кызматкерлер акчасын кабыл алышкан эмес. Жергиликтүү муниципиалдык кызматкерлердин керектөөчүлөргө кылган мамилеси көпчүлүктү суктандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
afina66
2017-03-15 18:22:22
укмушко булардыкы биздикилер таап алса уктатып кетмек табылган жок деп
+40
Adil706070
2017-03-15 18:30:21
таттуу
-5
Nazikbaigazy
2017-03-15 19:14:23
Биздикилерден кирпичтелефонда ашпайт
+20
bond02
2017-03-15 20:18:43
Дача СУну тазалагандар канча айпад табышты экен.
+10
Gknb.life
2017-03-15 20:26:49
Мамлекеттин кучтуулугун, элдин биримдигин корсоткон жонокой, бирок ото маанилуу бир окуя.
+13
Bekovich76
2017-03-16 01:07:25
Мынаке онуккон мамлекет,, а биз буларга 100 жылда дагы жетпейбиз
+6
Medinaa
2017-03-16 01:22:58
Жетебиз.Ин шаАлла
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан