Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районундагы Үрүмчү шаарынын тургуну сүйүктүүсүнүн колун сураш үчүн салмагы 33 тонналык, баасы 159 миң АКШ долларына жеткен (болжол менен 11 миллион сом) таш сатып алган. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Лю Фей аттуу жигит 4 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Ван Фанфан деген сүйүктүүсүнүн колун сураш үчүн мындай таң калыштуу кадамга барган. Башкача айтканда, нике шакегинен тышкары кызга коллекционерлердин биринен сатып алган 33 тонналык ташты дагы берген. Саткан адамдын айтымында, ал метеорит болгон. Аны сатып алган акчага башында Лю Фей батир алууну пландап жүргөн.
Ошондой эле жигиттин айтымында, сүйлөшкөн кызы экөө былтыр бул ташты коллекционерден көрүшүп, Ван Фанфанга ал жаккан. "Бул кадамым биздин сүйүүбүздүн түбөлүк жана бекем болот экендигин түшүндүрөт", - деп билдирген Л.Фей. Кыз жигитинин үйлөнүү тууралуу сунушуна макул болгон.