Бишкектеги түнкү рейддин жыйынтыгында кафе, клубдарда жүргөн 11 өспүрүм кармалды

15-марттан 16-мартка караган түндөгү рейдде жалпысынан 11 жаш өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн инспектору Канат Маймылов билдирди.

"Пландуу текшерилген рейддин жүрүшү түнкү саат 22:00дө башталып шаардын көчөлөрү, түнкү компьютердик клубдар, кафелер текшерүүгө алынды. Саат 24:00гө карата 7 бала кармалган болчу. Түнкү 02:30дар чамасына чейин текшерүү улантылып, дагы 4 бала кармалды. Ал эми үйүнөн качып кеткен өспүрүм боюнча, Сокулук РИИБи аркылуу тактоо иштерин жүргүзүп, баланы ата-энесине өткөрүү аракетин көрөбүз", - деди К.Маймылов.

Маалыматка ылайык, кармалган балдардын 8ин ата-энеси түн ичинде чыгарып кетишкен. Ал эми 3 бала учурда убактылуу кармалып турат. Рейд бүгүн күндүз да улантылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан