Космос мейкиндигин изилдөөчү жана абада учуу улуттук башкармалыгы (НАСА) Марс жана Юпитердин жандоочусу Европаны изилдөөгө тартылчу роботтун видеосун көрсөттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын расмий баракчасында жазылат.
Pop-Up Flat FoldingExplorer Robots (PUFFER) аппараты өзүнүн кичинекей көлөмү жана ажыратылма конструкциясы менен айырмаланып турат. Бул аны башка чоңураак планета изилдөөчү аппарат менен транспорттоого мүмкүнчүлүк түзөт.