Рэпер Снуп Доггдун (Snoop Dogg) клиби АКШнын президенти Дональд Трамптын кыжырына тийди. Анда рэпер президентке окшош каарманды атат. Трамп буга байланыштуу өзүнүн Twitter'деги баракчасына музыкант Барак Обаманын тушунда мындай жорук үчүн камалмак экенин жазган.
"Карьерасы жүрүшпөй калган Снуп Догг Обаманы атса, кандай ызы-чуу болмок экенин элестете аласыңарбы? Ал эркиндиктен ажыратылмак", - деген президент.
Снуп Догг "Lavender" ырына клип тартып, жарыялаган. Аны канадалык Badbadnotgood тобу менен биргеликте тарткан. Клипте маскарапоздордун дүйнөсү көрсөтүлөт. Дональд Трампка окшош маскарапоз президентти башка чаап, андан соң Снуп Догг аны оюнчук мылтыктан атат.