Токтогул районунда, Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө, Токтогул шаарында козулар белгисиз оорудан кырылып жатканын окурман бүгүн, 16-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.
"Оору белгисиз. Ар бир короодон 20-30дан ашык козу өлдү. Дагы деле токтой элек. Минтсе быйыл абал оор болот. Мал доктурлар ушунча козу өлгөндөн кийин келишти, бирок эмнеден экенин билбей жатышат. Кечээ койлордон анализге керектүүлөрдү алып Бишкекке кетишти", - дейт окурман.
Эскерте кетсек, 14-мартта да Нарында малдар белгисиз оорудан улам өлүп жатканы айтылган.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.