Бразилияда пенсия жөнүндөгү реформага каршы чыккандар Каржы министрлигинин имаратын басып алышты

Бразилияда пенсия боюнча реформага каршы миңдеген адамдар митингге чыгышты. Алар өлкөнүн борборундагы Каржы министрлигинин имаратын басып алышты. Бул тууралуу 16-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жүздөгөн адамдар Каржы министрлигинин имаратында жүрүшөт. Митингге чыккандардын бир бөлүгү Сан-Паулудагы жолдорду тосуп алышкан.

Буга чейин Бразилиянын өкмөтү жарандардын пенсияга чыгуу курагын 65 жашка көтөрүүнү жана кээ бир категориядагы жарандарга берилүүчү жеңилдиктерди кыскартууну пландап жаткан эле. Көпчүлүк жашоочулар пенсияга чыгуунун курагы 54 жаш деп эсептегендиктен, калк арасында өкмөттүн мындай чечими чоң нааразычылыкты жаратты.

Бразилия президенти Мишел Темер өлкөдөгү каржыны турукташтыруу жана пенсия системиндеги кыйроонун алдын алуу үчүн пенсия жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл экендигин билдирген.

"Эч кимдин укугу бузулбайт. Азыркы пенсионерлердин жана кийин пенсия алуучулардын укугун бузбоого сөз берем. Испания, Португалия жана Грецияда пенсия боюнча реформалардан баш тарткандыктан каатчылык орун алды", - дейт Мишел Темер. Бирок нааразы болгон тургундар анын мындай жүйөөлөрүнө макул болушкан жок. Ал эми оппозиция өкүлдөрү президенттин мындай чечимин - ансыз да кыйналып жашаган жөнөкөй жарандарды жазалоо деп сыпаттоодо.

Бразилияда пенсия боюнча реформага каршы эл митингге чыгышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
iasin
2017-03-19 15:29:33
Булардыкы жакшы экен. Пикетке чыгышты билет... Биздикилер кумтөр.свет.пенсия.мугалим жөнүндө болсо эле Ак үйдү көздөй жөнөйбүз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан