Өкмөттө өлкөнүн 2020-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн божомолдору талкууланды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн 2018-2020-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө божомолдору тууралуу маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу 16-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын эки айында экономиканын өсүү темпи 5,4 пайызды түзүп, "Кумтөр" ишканасынын эсебисиз - 3,6 пайыз болгонун билдирди.

"Биз ушул тенденцияга багыт алышыбыз керек, ошондуктан өкмөт тарабынан 2017-жылдын планы иштелип чыкты. Аталган пландын негизги багыттары болуп, түз инвестиция тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат", - деди ал.

Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев социалдык-экономикалык өнүгүүнүн божомолдору жалпы факторлорду жана экономикалык көрсөткүчтөрдү эске алуу менен, үч вариантта иштелип чыкканын: максаттуу, мүмкүн болгон (базалык), пессимисттик болуп даярдалганын билдирди.

Жыйындын соңунда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КРнын Экономика министрлигине жана тиешелүү ведомстволорго, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жактырылган сценарийдин негизинде аймактарда социалдык-экономикалык багыттар боюнча сектордук жана аймактык божомолдорду иштеп чыгууга киришүүнү тапшырды. Ошондой эле жактырылган сценарийдин негизинде Кыргыз мамлекетинде социалдык-экономикалык багыттар боюнча орто мөөнөттү өнүктүрүү программасына божомолдорду көрсөтүлгөн тартипте даярдап өкмөткө киргизүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан