Бүгүн, 3-майда Бишкек шаарындагы Улуттук китепканада саясий, коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 80 жылдыгына арналган “Өчпөс из калтырган инсан” деп аталган китеп-сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Көргөзмөгө белгилүү коомдук ишмерлер, Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана А.Масалиевдин жакын адамдары катышты. Китеп-сүрөт көргөзмөгө коомдук ишмер тууралуу маалыматтар камтылган сүрөттөр, китептер коюлду. Белгилей кетсек, А.Масалиев көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер болгон.