Бишкектеги Ленин райондук Жаш техниктер станциясында "Илим жана техника" жумалыгынын алкагында сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу 16-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча сынак техникалык, маалыматтык – кол өнөрчүлүк жана көркөм-эстетикалык багытында өттү. Аталган сынактын жыйынтыгы боюнча 60 баланын жасаган иштери тандалып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Жеӊүүчүлөрдү сыйлоо жана белектерди тапшыруу иш-чарасы 2017-жылдын 20-мартында өткөрүлөт.