Бишкектеги коопсуздукту сактоого Швеция жана Орусиянын ишканалары кызыкдар

Бишкектеги "Коопсуз шаар" долбоору аркылуу шаардагы көчөлөргө, мекемелердин аймагына видео жана фото көзөмөлдөөчү жабдыктарды орнотууга чет элдик 4 ишкана кызыкдар. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта өткөн маалымат жыйынында белгилүү болду. Жыйында Орусиянын "Интегра - С" ЖАКсы, "AngelsIT", "Сфера" ишканалары жана Швециянын "Аxis communication" ишканасынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Жыйынга катышкан КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, ЖКнын депутаты Махабат Мавлянова, Өкмөттүн Аппарат башчысынын орун басары Жылдызбек Исакулов, ӨКМнын, УКМКнын, ИИМдин өкүлдөрү ишканалардын көрсөтө турган кызматтары тууралуу угушту.

Кайсы ишкананын кызматы биздин шаарга ыңгайлуу экендигин ведомстволор аралык түзүлгөн комиссия чечет. Долбоорду ишке ашыруу "Кыргызтелеком" ААКсынын базасында жүргүзүлөт.

"Шаардагы коопсуздукту жакшыртуу үчүн бир канча объектилерге видеого тартып калуучу жабдуулар орнотулат. Азырынча кайсы жерлерге орнотуулары белгисиз. Бирок ири жолдордун кесилиштерине, социалдык-муниципалдык мекемелердин айланаларына коюлары күтүлүүдө. План боюнча "Коопсуз шаар" пилоттук долбоорун Ош, Бишкек шаарларында ишке ашыруу каралган. Адегенде Бишкекте орноштуруп көрөбүз. Бүгүнкү иш-чаранын башкы максаты бизге ыңгайлуу болгон ишкананы тандап алуу. Азырынча кайсы ишкананын кызматынын баасы канча экендигин так айта албайм", - деди "Кыргызтелеком" ААКсынын төрагасы Нурлан Мадаминов.

Айта кетсек, "Коопсуз шаар” долбоору боюнча 2015-жылы тендер өтүп, анда кыргыз-орус биргелешкен "Стилсофт Бишкек" ишканасы жеңүүчү аталган болчу. Бирок тендер бир катар мыйзам бузуулар менен өткөнү айтылып, ошол бойдон иш токтоп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
futboler
2017-03-16 22:23:03
Кымбатын тандагыла айланайындар
+2
Alaikuu_Kan-Korgon
2017-03-17 00:38:49
Швециянын ишканасына бериш керек болбосо окелер бирдеме сирдеме кылып уктатат. Тендерди туура калыс откоруу керек.
0
Leilektik
2017-03-17 06:00:10
Швециялыктардын ишканасын тандашса жакшы болмок,Орустар биринчи асфалт кылат кийин казып аны, турба комушот
+3
Nur1k
2017-03-17 06:10:42
Leilektik, Ахах
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан