Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкка кабылган "Боинг-747" учагынан жабыркаган жарандар үчүн ачылган ӨКМнын атайын эсебине түшкөн каражатты бөлүштүрүү боюнча 16-мартта жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анда Биринчи вице-премьер-министр ӨКМнын атайын эсеби 2017-жылдын 15-мартында жабылганын айтып, жалпы болуп 96 миллион 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын белгиледи.
Мухаммедкалый Абылгазиев акчалай каражатты бөлүштүрүүгө Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү, авиа кырсыктан жабыркаган жарандардын үй-бүлөлөрү жана жакындары катыша турганын кошумчалап, бөлүштүрүү процедуралары ачык болушу зарылдыгын айтты. Жыйында Өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү каражатты бөлүштүрүү тууралуу өз сунуштарын айтышты.
Мындан тышкары биринчи кезекте аткарылуучу тапшырма ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын маселесин, каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнүн муктаждыктарын чечүү экендигин билдирди.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январындагы авиа кырсыктан жабыркагандарга атайын эсеп ачуу, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ачылган.