Министрлик: "Балалык" аталышындагы мектепке чейинки билим берүү программасы иштелип чыкты

3 жаштан 6 жашка чейинки балдарга билим берүү усулдары камтылган "Балалык" аталышындагы методикалык программа иштелип чыкты. Бул тууралуу 16-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда аталган программага билим берүү системинин модернизацияланышына байланыштуу жана замандын талабына ылайык маанилүү өзгөртүүлөр киргизилген.

"Башкы максат - балдардын психикалык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө коопсуз шарттарды түзүү, инсан катары калыптанышына багыт берүү, баланын суроо-талабын эске алып анын мүмкүнчүлүктөрүн, талантын ачуу. Мектепке чейинки билим берүү программасына, патриоттулукка үндөө, ыймандуулукка чакыруу сыяктуу тарбия берүүнүн бирдиктүү жолу киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, методикалык окуу куралы өлкө аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине кыргыз жана орус тилдеринде таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
birtanem
2017-03-17 23:20:50
Ааа ииии жакшы болуптур...
Аябай кыйналышат болучу тарбиячылар программа жок деп..
Сабыр кылсан Ин Шаа Аллах баары Машаллах болот кыргыз элим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан