Бишкекте бүгүн, 17-мартта партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун элесине арналган көргөзмө өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Малыматка караганда иш-чара мамлекеттик ишмердин үй музейинде "Кыргыз өлкөсүнүн 1945-1960-жылдардагы өнүгүшүнө Раззаковдун кошкон салымы" аталышында өткөрүлүүдө. Көргөзмөгө шаар тургундары, Раззаковдун туугандары, мектеп окуучулары, студенттер катышат.
Партиялык жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков Лейлек районуна караштуу Коросоң айылында туулган. Ал 1945-1950-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, 1950-1961-жылдары Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы болгон. 1961-жылдан тартып Москвада экономикалык советтин мүчөсү, пландоо комитетинин аппаратында кызмат өтөгөн.