Чоң-Алай районунда кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөгө 100 миң сом жардам берилет

Чоң-Алай районунун Жар-Баш айылында кар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөгө акчалай жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Ош облусундагы бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Кулмырзаев билдирди.

"Чоң-Алай районундагы Мамаразак Мусаевдердин турак жайы калың жааган кардан улам 23-24-февраль күндөрү жабыркаган болчу. Алардын үй-бүлөсүнө Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 100 миң сом акчалай жардам берилет", - деп билдирди Кулмырзаев.

Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров: ар көчкүдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө камкордук көрүлүп жатат. Күн жылып баштаганда Жаш-Тилек айылындагы эки үй-бүлөнү да көчүрүү аракети башталат", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан