Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-мартта Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан Эстелигине гүлчамбар койду.

Эскерте кетсек, Аксы окуясы 2002-жылы 17-мартта болгон. Анда Аксы районунун эли камакка алынган, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу талабы менен Кербен, Жаңы-Жол, Кара-Суу жана Сары-Челек кыштактарын байланыштырган жолду тосуп чыгышкан. Тартипти көзөмөлгө алган ОМОН 17-март күнү Боспиек айылында район борборун көздөй бараткан 500дөй адамга каршы ок атып, бул күнү 6 киши каза болуп, 80дей адам жаракат алган. Кийинки күнү дагы бир жаран каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Munar8625
2017-03-17 11:34:23
саламаматта бол АША
+2
tynara81
2017-03-17 12:54:35
Аксы окуясы кийинки бийликтерге сабак болбоду дептир... өзүнө да сабак болбоптур го. Сүйлөөрдөн мурун ойлонсо, мага сабак болдубу деп...
+5
kyrgyz.kg83
2017-03-17 13:13:22
Аша озун ен адилету ыймандуу адамын деп ойлойт окшойт,озуно сабак болгондо Кыргызстан азыркыдай акыбалда болбойт еле,паспортко кыргыз деп жаздыралбай калганыбыз бул ото уятко,намысы жок чиновниктер кантип ушул демилгени колдошту
+4
arawan
2017-03-17 13:42:47
суйлордон мурун ойлонуш керек озуно да сабак болбоптур да анда мааниси бир соз бакиевге дагы мага дагы дегендей кыргыз болуп кыргыз деп жаздыра албасак анан да айлана чойрону коргоого келгенде ага да каршы чыкса 2025жылга чейин тоо эчкилерди ж.б анчылык кылууга тыю салуу мыйзамына депутаттар каршы чыгып жатса жарымынан кобу не деген жашоо бул ошо чондор жейт кийиктин эттерин карапайым эл кайдан жесин ошо учун каршы болушат
+4
Ajar812
2017-03-17 23:38:18
Кандай ХХХ адам Атамбаев озуно сабак болбоптурбу ? Эмне дешти да билбейсин
+1
admin_portal
2017-03-20 10:26:40
Ajar812, этика нормаларын сактаңыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан