Аксыда туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүгүн алууну жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Аксы районунун тургундары кара кагаз, туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүгүн алууну жөнөкөйлөтүү маселесин көтөрүп чыгышты. Мындай маалыматты бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына активист Шекербек Камчыбек уулу билдирди.

"Жогорку кеңештин депутаты Рада Түмөнбаев Аксы районундагы Кашка-Суу айылдык кеңештин депутаттары жана айыл эли менен жолугушту. Жолугушууда айыл эли тарабынан туулгандыгы тууралуу жана нике күбөлүгү, ошондой эле кара кагаз алууда айыл тургундары кыйналып жатканын айтышты. Буга чейин жашоочулар жогорудагы документтерди айыл аймактан алса, 2016-жылдын сентябрь айынан бери райондук Жарандык актыларды каттоо бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Жашоочулар 50 чакырым аралыктан райондун борборуна барып кезек күтүп кыйналып жатканын айтышты", - деп билдирди Камчыбек уулу.

Маалыматка ылайык, жыйында жөлөк пул алуудагы элди кыйнаган бир канча документ чогултуу көйгөйлөрү айтылды. Мындан сырткары депутат менен социалдык-экономикалык абал талкууга алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан