Сапар Исаков Аксы окуясы болгон жерге барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков 17-мартта Аксы окуясы болгон Боспиек айылына барышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Аксыда бүгүн 2002-жылдын 17-мартында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүүдө. Эскерүү иш-чаралары ошондой эле республика боюнча өткөрүлөт. 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев 17-мартты Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Эскерте кетсек, бүгүн Аксы окуясына 15 жыл толду. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылында укук коргоо кызматкерлери тынчтык митингин өткөрүү үчүн райондун борборуна бара жаткан демонстранттарга ок атышкан. Окуя болгон күнү 6 адам каза таап, 80дей адам түрдүү жаракаттарды алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
arawan
2017-03-17 11:54:15
эки создун баары эле сапар деп калдынар го путин далына таптап койсо эле президент болот деп калбаш керек да сапарды бабанов сариев торобаевдерге салыштырып болбойт мамлекетти башкара албайт тажыйрба жетпейт сурамжылоонун бештигине кирип жатышына тан калам мен
+8
modern-group
2017-03-17 12:47:43
arawan, туура айтасын тажрыйба керек.
+3
NuriK_Ala-Too
2017-03-17 12:26:08
Сапарды жамбаштап жатып алып башкарганга ото ынгайлуу да
+7
arawan
2017-03-17 13:03:18
бизге чет олко менен мамилени жакшы курган буга чейин кандай иштеди айтканын аткарган ишине созуно так адам керек биометрикалык шайлоого ишенбей калдым
+2
kyrgyz.kg83
2017-03-17 13:19:35
Жеенбековко отургуч тийбей калганы баарын тушундурот,сапарга келсек ашанын шестеркасы,президентике татыкту емес
+5
azamat85
2017-03-17 14:50:21
kyrgyz.kg83, Жээнбеков отургучта эле отурат, жакшы капабайсынбы шашпай
0
Adil706070
2017-03-17 14:53:40
супер инфо .Сапарды акыркы кундору аябай пиарлай баштады.Атамбаевге чейин аты ,заты да тааныш эмес эле.анан кантип президентикке талапкер кылып корсотуп жатышат тан калыштуу.
+4
tursunbaev78
2017-03-17 15:22:33
Исаков АШАнын шестёркасы,АША Путиндики,Путинда акыркы кездерде жакпай калды,ички саясатка кийлигише баштады,ээси начар болсо үйдү конок башкарат дегендей эле болуп жатат
+2
talas0707
2017-03-17 16:35:46
Ксдп кимди корсотсо ошол болот. Ксдп исаковду корсотот.
-2
Melis2014
2017-03-20 07:30:16
КСПД дан биро приздент болсо ошондо 3 чу революция болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан