Африкада 706 карат салмактагы алмаз табылды

Батыш Африкадагы Сьерра-Леоне өкмөтү Коно аймагында 706 карат салмагында алмазды дин кызматкери Эммануэл Момох Якаду айылында таап алган. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс басылмасы жазып чыкты.

Агенттик белгилегендей, бул алмаз 1972-жылдан бери табылган иштетилбеген эң чоң алмаз. Алмаз азырынча баалана элек, ал Сьерра-Леоненин банкына сактоого өткөрүлдү. Президенттин өкүлү Абдулаи Байрайтай алмаз өлкөнүн президенти Эрнест Бай Коромго көрсөтүлгөнүн айткан.

Буга чейин 1972-жылы 969 караттай салмактагы алмаз табылган.

BBC'нин маалыматы боюнча, бул дүйнөдөгү 20 эң чоң алмаздардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Ronaldo.99
2017-03-17 11:56:55
Мен болгонумда эч кимге айтпай эле сатып жибермекмин
-3
poping.dance
2017-03-17 12:01:27
Ronaldo.99,
Роналду ОЗУ эХХХ эмес, фанатарыда ХХХ калыптыр
-9
admin_portal
2017-03-17 12:07:52
poping.dance, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
Ronaldo.99
2017-03-17 16:48:31
poping.dance,мессинин ХХХ жалай бер.
-2
akyn
2017-03-17 12:13:19
ошол учунда сен экообуз болбой калганбыздааа))))
+3
ABDulHai
2017-03-17 13:06:07
Кыямат жакындап калганда кендер жердин бетине чыгат экен туугандар...
-7
Dybala.
2017-03-17 13:31:33
Роналдо99 балким бизде таап алгандар бардыр мындай алмазды сен айткандай эч кимге айтпай сатып жиберетда элге жарыя кылбай
+6
aseras
2017-03-17 15:17:57
Дин кызматкери таап алыптыр Аллахым ырыскысын бериптир да.
Мен да бир шакек таап алдым эле,шакекте 14к деген жазуу бар экен.Башка эч кандай цифра(проба)жок экен.Сатсам болоор бекен?
+1
Attila88
2017-03-17 23:55:38
карат дегендин мааниси кандай.айтып койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан