Телефондогу сүйлөшүүнү сыртка угузбай турган "тумшук кап" Америкада ойлоп табылды

Америкалык инженерлер телефондо сүйлөшүп жаткан адамдын үнүн айланасындагыларга угузбай турган "тумшук кап" ойлоп табышты. Hashme деп аталган бул буюм жумушта же тынч жерде отурганда, жаныңыздагы адамдарга тоскоол болбой телефондо сүйлөшө берүүгө шарт түзөт. Анын көрүнүшү иттерге кийгизе турган тумшук капты эстетет.

Гаджетти ойлоп тапкандар аны "Дүйнөдөгү биринчи мобилдик телефондор үчүн маска" деп аташкан. Аны иштеп чыккандардын пикиринде, жаңы ойлоп табуунун жардамы менен, жадакалса коомдук жайларда да жакындарыңыз менен купуя сырларды бөлүшө берсеңиз болот.

Hashme`де жаныңыздагы адамдарга үнүңүздү такыр эле угузбай коюудан тышкары сүйлөшүүңүздү жашыруун кылуунун дагы бир жолу бар. Башкача айтканда, анда жайгашкан динамик добушуңузду чымчык, шамал, океан, жамгыр, маймыл, тыйын чычкан же мультфильм, тасмалардагы каармандардын үнүндөй кылып өзгөртүп коюучу касиетке ээ.

Гаджет үндөрдү тандоочу жана анын бийиктигин башкара турган тиркеме менен иштейт. Ойлоп табуу ушул жылдын аягында өндүрүлө баштап, баасы 249 доллар (болжол менен 17 миң сом) болору айтылууда.

Телефондо сүйлөшүп жаткан адамдын үнүн угузбай турган гаджет ойлоп табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bolot_kurshab
2017-03-17 14:25:34
Бир телефондун баасыго
-2
Solanum
2017-03-17 15:22:36
Коомдук жайларда кулагынан телефону тушпой,унунун болушунча,себебсиз нерселерди суйлошо бергендер учун
+2
Hatali
2017-03-17 17:00:58
Бул мага керек экен срочно ато званок келсе эле кулак туро калат кайненем .
+2
bolotbeck1983
2017-03-18 10:35:42
Hatali,Антип жаап-жашырынбай ачык айрым бол да анда.
0
Adi.Avazbekov
2017-03-18 01:27:56
oa kkti nerse eken. anyn unun emes senin unundu uguzbait eken. emneni aityp jatat gromkostty yldyilatyp suilowo ber dep
0
bolotbeck1983
2017-03-18 10:44:57
Мен да ушуга окшогон эле гаджетти ойлоп жүрөм көптөн бери. Бирок айырмасы котормочулук кылуу. Мисалы эс тутум базасында элүүдөй тилди камтыган болсо, тагып алып өз тилиңде сүйлөй бересиң ал эми чет элдик маектешиңе динамик аркылуу автоматтык түрдө котормосу жаңырып турат. Ал сүйлөсө сага да ушундай. Ушул тууралуу окмуштууларга, ойлоп табуучуларга кантип сунуш кылсам дей берем. А балким менин айткандарым жөн эле миң кыялдын биридир.
+1
Shekeev969798
2017-03-21 15:19:38
ошону тагып алып кетсин деп кыйкыра бергиле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан