Египеттин тарыхындагы эң атактуу падышалардын биринин айкели табылганын Reuters жазып чыкты. Айкел Каир шаарынын четиндеги тар, ыплас көчөлөрдүн биринен табылган. Бирок, тилекке каршы, тарыхый байлык бүтүн эмес болгон.
Ылайдын арасынан табылган статуянын калдыктары тарыхчылардын болжолунда Египетти 3000 жыл илгери башкарган Рамсес II ге таандык дешүүдө.
"Өткөн жуманын шейшемби күнү мага жергиликтүү бийликтен чалып, кварциттен жасалган айкел таап алышканын айтышты. Биз ал жактан падышанын бюстун, башынын жарымын таптык. Кийин оң кулак бөлүгү менен көзүн жана таажыны элестеткен бөлүгүн ылай алдынан алып чыгышты", - деп билдирет Египеттин искусство жаатындагы министрликтин башчысы Халед аль-Анани.
Учурда казуу иштери уланууда. Эгерде айкелдин бардык мүчөлөрүн таап, реконструкциялоого мүмкүн болсо, Египетте 2018-жылы ачыла турган ири музейге коюу пландалууда.
Маалымат үчүн: Рамсес II Байыркы Египетти биздин заманга чейин болжол менен 1213 же 1279-жылдан тарта башкарган. Ал Египеттин падышаларынын арасынан эң узак такта отурган фараон болуп саналат (60 жылдык башкаруу). Рамсес II нин тушунда Байыркы Египет дүркүрөп өсүүгө дуушар болгон. Бул үчүн Рамсес II "Улуу Рамсес" деген макамга татыган.