"ЭЛДИК КАБАРга"жооп: Оштогу Жимм көч­өсүндө коопсуздук сакталбай жүргүзүлүп жаткан курулуштун ээсине айып салынды

Оштогу Жимм көч­өсүндө коопсуздук сакталбай жүргүзүлүп жаткан курулуштун ээсине айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта SUPER.KG порталына Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынан билдиришти.

"Ош шаарындагы №7 "Ал­ымбек датка" аймактык­ кеңешиндеги Жимм көч­өсүнүн, номери жок да­ректеги болжол менен "Оомат­" мончосунун жанында ­Жаңыбай Асранов аттуу­ жаран курулуш иштери­н жүргүзүп жаткан. Те­кшерүү учурунда акт түзүлүп, таб­ылган бузууларды четт­етүү максатында жазма­ буйрук түзүлүп жана ­Кыргыз Республикасыны­н Административдик жо­опкерчилик жөнүндө Ко­дексинин 477-беренесин­ин негизинде айып пул­ салынган. Эскертүү б­ерилип азыркы убакта ­тосмолор орнотулду", - дешти инспекциядан.

Ошондой эле аталган мекеменин жергиликтүү инспектору куруу иштери токтотулганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, жогорудагы турак үйдүн куруучулары эч кандай коопсуздук эрежесин сактабай, иштеп жатышканын 3-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан